• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абайлагыла! Кыргызстанга куш тумоосу келиши мүмкүн. Эки жолу өмүрүнө кол салган Баткендик кыз. Соңку жаңылыктар 13.04.03.18.

13 Теке 2018 16:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.07.2018 Govori.TV

Бажы кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Мамлекттик бажы кызматынын кызмат адамдарына «мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген» деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгоду.Аталган органдын маалыматына караганда, тергөөдө Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасынын буйругу менен кызматкерлерге 2014-жылдын экинчи кварталы үчүн 3 303 964 сом сыйлык катары маянага мыйзамсыз кошулуп берилгени аныкталды.Ишти Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы менен чогуу тактаган. Материалдар УКМКнын аталган кызматына өткөрүлүп берилди.2014-жылы Мамлекеттик Бажы кызматын Адамкул Жунусов жетектеген.

Эки жолу өмүрүнө кол салган кыз куткарылды

1-июль күнү Кадамжай районунда сууга атайын боюн таштап, өмүрүн кыюуга аракет кылган кыз куткарылып калгандан кийин да кайрадан өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу куткарып калган милициянын капитаны Нурланбек Бегалиев билдирди. Ал эми Кадамжай аймактык ооруканасынан тастыкталган маалыматка караганда, ал өзүн өлтүрүү үчүн дары ичип алып, 6-июль ооруканага түшкөн. 9-июль күнү Ош облустук психикалык жактан жабыркагандар ооруканасына жаткырылды. Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин 102 номуруна өспүрүм кыз чалып, «боюмду сууга таштайм, жашоодон тажадым» деп айтып телефонду коюп койгон. Аталган билдирүүдөн кийин Кадамжай РИИБдин кызматкерлери топ-топко бөлүнүшүп, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Ал кызды Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси Нурланбек Бегалиев Таш-Дөбө айылындагы каналда агып бара жатканда көрүп, аман алып калган.

Абайлагыла куш тумоосу келиши мүмкүн

Кыргызстанда куш тумоосунун жайылуу коркунучу бар. Бул тууралуу тегерек столдо канаттууларды багуучулар бирикмесинин президенти Рустам Осмоналиев билдирди.Анын айтымында, куш тумоосу Орусиянын аймагында катталды. Учурда Кыргызстан Орусиядан канаттуулардын этин, жумурткасын ташып келүүгө тыюу салды.«Чек арадан мыйзамсыз ташылып келген канаттуу эттери вирустун жайылып кетүү коркунучун жаратат», — деди Рустам Осмоналиев.

Сүрөт:Спутник

Количество просмотров: 18