“Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиев өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.
Чечим БШКнын 19-августтагы жыйында бир добуштан кабыл алынган.
Жыйында М. Абдалиевдин мындай кадамга барган себеби айтылган жок. Ал өзү азырынча эч кандай билдирүү тарата элек.
Мейкинбек Абдалиев мурда жергиликтүү кеңештерде депутат болгон.