Бизде башка мамлекеттердин деңгээлиндеги Ак үй болуш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Айсара Абдибаева билдирди.
Депутат коомчулукта айтылып жаткан сын пикирлерге кошулбайт.
«Коомдогу терс пикирлер жер маселесинен улам айтылып жатса керек, бирок аны чечсе болот. Ал эми бизге заманбап, башка өлкөлөрдөгүдөй Президенттин иш башкармалыгына ылайыктуу Ак үй керек», — деди депутат.
Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрөт, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер бериле турганы белгилүү болду.
Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары өлкөдө экономикалык кыйын кырдаалда президенттин жаңы администрациясы курулуп жатканын сындап жатышат.