Бүгүн, 25-январда Абдил Сегизбаев УКМКда сурак берип жатат. Бул тууралуу Сегизбаевдин Фейсбуктагы баракчасында маалымдалат.
Маалыматка караганда, Сегизбаев бүгүн саат 10:00гө УКМКнын тергөө башкармалыгына суракка чакырылган. Анда УКМК тарабынан берилген чакыруу кагазынын сүрөтү дагы жарыяланганын көрүүгө болот.
Буга чейин Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге Чүй облусундагы жер мыйзамдарын бузууга байланышкан коррупциялык схема боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал эми Сегизбаев саясий куугунтук болуп жатканын айткан.