• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абдил Сегизбаев сотко жеткирилди

5 Чын куран 2021 16:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук комитетинин(УКМК) мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевдин бөгөт чарасы каралып жатат.

Сот имаратына анын тарапташтары, жакындары чогулуп, аны эркиндикке чыгарууну талап кылышты.

Абдил Сегизбаев сот залына кирип баратып тарапташтарына «баары жакшы» деген сөзүн айтып, жакындары менен учурашып жетишти.

Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде кармалганы айтылып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Кийин ал УКМКнын тергөө абагына которулган. Биринчи май райондук соту аны 25-мартка чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Сегизбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев кечээ, 28-январда, Биринчи май райондук сотунун саясатчыны УКМКнын Тергөө абагында 25-мартка чейин кармоо боюнча токтомунун үстүнөн Бишкек шаардык сотуна арызданган.

Количество просмотров: 194