• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Абдил Сегизбаевдин үстүнөн жалпы алты иш тергелип жатат

12 Бирдин айы 2021 10:00 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы А.Сегизбаев Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында Башкы прокуратура тарабынан үстүбүздөгү жылдын 25-январында кармалган. Анын аталган берене боюнча шек саналып, кармалганы шаардын Биринчи Май райондук соту тарабынан мыйзамдуу жана негиздүү деп табылып, 2 айга камакка алынган.

Башкы прокуратуранын маалыматында айтылгандай, А.Сегизбаев жогоруда аталган кызматта иштеп турган мезгилде кызматынан пайдаланып компромат чогултуп, Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Текебаевди, А.Шыкмаматовду жана А.Салянованы каралоо максатында, коомдо аларга карата терс пикирлерди жаратуу үчүн, аталган инсандар жөнүндө 2016-жылдын октябрь-ноябрь айларында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Жогорку Кеңешинин жыйынында «Белизгейт» деп аталган иши боюнча жалган, далили жок маалыматты тараткан.

Белгилүү болгондой улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда мамлекет тарабынан кызматтык батирлер салынган. Турак жай кодексинин 43-беренесине ылайык турак жайлар жалпы кезекке туруу менен берилиши зарыл, ал эми 44-беренеде кимдер биринчи кезекте жана кезексиз алууга укугу барлар көрсөтүлгөн.

Бирок, улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын башчысы Д.Мусакеев жана турак жай-тиричилик комиссиясынын төрагасы Б.Нуржигитов тарабынан, А.Сегизбаевдин жеке көрсөтмөсү менен мыйзамдуу негиздер жана себептер жок болгондуна карабастан прапорщик М.Жумагуловго жогоруда аталган кызматтык үйдөн 3-бөлмөлүү батир мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.
Ошондой эле улуттук коопсуздук кызматкерлери Э.Базакечов, А.Джаманаков жана М.Жумагуловдорду энчилүү курал менен мыйзамсыз сыйланышканы боюнча сотко чейинки териштирүүдө да А.Сегизбаев шек саналууда.

Мындан тышкары, атайын кызматтын мурдагы жетекчиси А.Сегизбаев Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын, Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн, райондук сотунун жана башка кызмат адамдар менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон жер тилкелердин алгачкы ээлеринин атынан жасалмаланган ишеним каттарды пайдалануу менен жана Аламүдүн райондук сотунун мыйзамсыз чечимдеринин негизинде жалпы аянты 18,46 га айыл чарба багытындагы 92 жер тилкелерин, Кой-Таш айылындагы айыл чарба багытындагы 2,2 га жайыт жер тилкесин жакын туугандары жана өзүнө байланышы бар адамдар менен мыйзамсыз ээлеп алган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, жогорудагы жер тилкелердин айрымдары боюнча соттук кароолор кыска убакыт аралыгында жыйынтыкталып чечилген.

Сотко чейинки териштирүүдө жогорудагы жерлер боюнча жер салыктары төлөнбөй келгендиги жана анын жакын тууганына катталган жайыт жерлерине уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүгү аныкталган.
Дагы бир факты, атайын кызматтын айрым жетекчилери 2017-жылы, бюджеттик каражаттардын эсебинен чет өлкөлөргө негизсиз, конкреттүү максаттары жана тапшырмалары жок иш сапарга барышкан. Бул да А.Сегизбаевдин буйруктарынын негизинде болгондугу такталды. Учурда мамлекетке келтирилген зыян аныкталууда.

Жогорудагылардан сырткары, дагы бир иш жашыруун грифи менен өтүп жатат.

Количество просмотров: 87