• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Абдишүкүр ажы кыргыз-тажик элине кайрылуу жасады (видео)

30 Чын куран 202112:45 Бишкек Govori.TV

Абдишүкүр ажы Нарматов кыргыз-тажик элин биримдикке чакырды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка караганда, ал Баткен облусуна барат. Ажы буга чейин эки эл ынтымакта жашаганын баса белгилеген.

30-апрелдеги акыркы маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгон кыргызстандыктар 13кө жетти. Көз жумгандардын арасында 3 аскер кызматкери бар. Жараат алгандардын жалпы саны 134 адам. Алардын 25ин атайын учак менен Баткенден Бишкекке алып келишти. Учурда эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүп жатат.

Количество просмотров: 330