• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абдраев атындагы музыкалык мектептин жаңы директору дайындалды

24 Аяк оона 20259:23 Бишкек Govori.TV

Курмангалиев Жумакадыр Билалович Республикалык адистештирилген М. Абдраев атындагы Музыкалык мектеп-интернатынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Жумакадыр Курмангалиев 1962-жылы 9-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган.

Өзүнүн эмгек жолун Ат-Башы райондук балдар музыкалык мектебинен баштап, көптөгөн жылдар бою маданият тармагында мугалим, жетекчи жана уюштуруучу адис болуп иштеген. Ар кандай жооптуу кызматтарда, анын ичинде Улуттук маданий борбордун директору, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын директору катары үзүрлүү эмгектенген.

Министрик Жумакадыр Билаловичтин тажрыйбасы жана чыгармачылык потенциалы М. Абдраев атындагы Музыкалык мектеп-интернатынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, жаш таланттарды мыкты тарбиялоого багытталып, ийгиликтүү иш алып барарына ишенет.

Количество просмотров: 166