Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатында өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышы боюнча пландуу текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактылары аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 143-беренесине ылайык мекемеге 23 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле мекеменин жетекчилигине аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.