• Жекшемби 23 Кулжа 2024
  • Воскресенье 23 Июнь 2024

Абдрахманов көчөсүндө троллейбустар токтоду

22 Жалган куран 2023 14:23 Бишкек Govori.TV

Абдрахманов көчөсүндө троллейбустар токтоду. Бул тууралуу күбөлөр соцтармак аркылуу кабарлашууда.

Маалыматка ылайык, Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишкек аймактагы аялдамасында жерде бир нече троллейбустар токтоп турат.

Ал эми мэриянын басма сөз кызматы, бул тууралуу маалымат таратып, Абдрахманов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус линиясы үзүлгөндүгүнө байланыштуу, айрым троллейбустар убактылуу каттамын токтотуп турганын билдирди.

Кошумчалангандай, учурда эки авариялык бригада оңдоо-иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 345