• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Абдрахмановго «КР Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы наамын берүү ача пикирлерди жаратты

21 Бештин айы 2021 18:37 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылганын президент Садыр Жапаров бүгүн, 21—декабрда Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарада белгиледи.

«Ушул жылдын 31-августунда Жусуп Абдрахмановго Кыргыз Республикасынын Баатыры деген мамлекеттик эң жогорку наам ыйгарылды. Муну менен биз кыргыз мамлекетүүлүгүнө негиз салып, жол чапкан Жусуп атабыздын арбагынын алдында бир эсе жеңилдеп, бир эсе парзыбыздан кутулгандай болдук. Урпактарына улуу мурас калтырган, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калган адамдын кылымга тете эрдигин баалоо менин энчиме тийгендиги чоң сыймык экенин ар дайым айтып келем»,-деди Жапаров.

Көп өтпөй, коомчулукта бул маселенин айланасында ача пикир жаралды.

Количество просмотров: 261