Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Ажикеев Бообек Эргешевичке «генерал-лейтенант» жогорку аскердик наамы ыйгарылды.
Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматын 2020-жылдан бери ээлеп келет. Ал бүгүн, 19-августта 60 жашка толду.