• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Нарматовага “Билим берүүнүн отличниги” наамы эмне үчүн берилди. Министрликтин жообу

21 ноября 2023 в 17:51 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованы “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 85 жылдык мааракесине карата сыйлаган. Бул тууралуу мекеме тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, министрлик депутатка билим берүү жана илим тармагына кошкон салымы жана көрсөткөн колдоосу үчүн сыйлык тапшырган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “Билим берүүнүн отличниги” төш белгисин алганы тууралуу маалыматтар соцтармакка тараган.

Количество просмотров: 148