• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Абдраимов 2 айга камакка алынды

2 Бугу 2022 17:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимовдун баш коргоо чарасы каралып, 30-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камалды.

Эске салсак, УКМК Абдраимов «БШКны жетектеп турган учурунда Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин мажбурлап, 11,2 гектар таштанды талаасын өзүнө таандык «Кайнар» ишканасынын карамагына бекер өткөрүп алган» деп, 30-апрелде кармалган.

Количество просмотров: 414