• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Абдумомунов атындагы драма театрын оңдоого кошумча каражат бөлүндү

14 Аяк оона 2021 18:29 Бишкек Govori.TV

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратын оңдоо иштерин бүтүрүү үчүн бюджеттен кошумча 44 млн. 722 900 сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, пандемиядан улам республикалык бюджеттен каржылоо убактылуу токтоп, ремонт иштери үзгүлтүккө учураган. Учурда театрдын чатырын оңдоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, театр 1926-жылы негизделип, азыркы имарат 1972-жылы пайдаланууга берилген. Ремонт иштери жыйынтыкталган соң, театрдын түптөлгөнүнүн 95 жылдыгына карата ачуу пландалып жатат.

Количество просмотров: 64