• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абдумомунов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

16 Теке 202512:59 Бишкек Govori.TV

16-июлдан тарта Т.Абдумомунов көчөсүнүн К.Акиев көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабык болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкеде жолду реабилитациялоо иштери жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап алууну, ошондой эле коомдук транспортто жүрүүнү сунуштайт.

Количество просмотров: 93