Манас шаарынын жаңы мэри болуп 62 жаштагы Абдупата Маткаликов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун 20-февралда президенттин администрациясы маалымдады.
Ушул эле күнү Жалал-Абад облусунун баш калаасынын буга чейинки мэри Эрнисбек Ормоков кызматынан бошотулган.
Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, 62 жаштагы Маткаликов 1985-жылы Майлуу-Суудагы Фрунзе атындагы Политехникалык институтун “инженер-механик” адистиги боюнча аяктаган.
2021-жылдагы парламенттик шайлоого “Ишеним” партиясы менен катышкан.