• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Абдыгулов Эл аралык валюта фондуна кеңешчи болуп барат

29 Аяк оона 2021 12:06 Бишкек Govori.TV

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барат. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 29-сентябрындагы жыйынында депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Кызматтан кетип жатканыма эч кандай саясий басым болгон жок. Буга чейин айткандай эле, президент мага башка кызмат сунуштады. Кайсы кызматка барарым белгисиз болуп жаткан. Бирок азыр эле маалымат беришти. Мен президенттин буйругу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барам»,-деди Абдыгулов. 

Бүгүн парламент депутаттары Абдыгуловдун отставкасын талкуулап жатат.

Количество просмотров: 162