• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Абдыгуловдун отставкасы депутаттарды кайым айтыштырды

29 Аяк оона 2021 17:21 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов Владимир Фроловдун Самат Ибраевдин үйүндө жашап жүргөнүн айтып, анын ким экендигин жана Кыргызстанга кандай максатта келгенин УКМКнын териштирүүсүн сунуштап, Орусияга өтүнмө жиберүүнү тапшырды.

Ошондой эле ал жакынкы убакта каржы тармагында терс көрүнүштөр боло турган болсо, ага депутат Самат Ибраев күнөөлүү боло тургандыгын кошумчалады.

Кесиптешинин сөзүнөн кийин сүйлөгөн Самат Ибраев анын дарегине айтылып жаткан кептерди каралоо деп баалады.

Бүгүн, 29-сентябрда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү тууралуу арызына Жогорку Кеңештин 62 депутаты макулдук берип, эки депутат каршы добуш берди. Жыйынга 66 депутат катталган.

Мындан соң парламент Улуттук банктын төрагалыгына талапкер — Кубанычбек Бөкөнтаевди дайындоо тууралуу президенттин сунушун карап, өз макулдугун беришти.

Толкунбек Абдыгулов президенттин сунушу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп кетип жатканын байланыштуу арыз жазганын, эч кандай саясий басым-кысым жоктугун билдирди.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты 2014-жылдан бери жетектеп келет. Ортодо кыска мөөнөткө өкмөткө барып, биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин ордуна кайткан.

Количество просмотров: 263