Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши боюнча комментарий жазды.
«Бул чечим логикалуу жана анын өлкөнүн тездик менен көтөрүлүшүнө жаңы темп берүү жана мамлекеттик башкаруу стилин жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү жаңылоо каалоосу менен шартталган. Акылбек Жапаров эгемендүүлүгүбүздүн алгачкы 30 жылында топтолгон баа жеткис тажрыйбаны өткөрүп гана тим болбостон, бүтүндөй бийлик вертикалын толугу менен кайра программалап, кайра баштаган, үйрөткөн мамлекеттик ишмер катары республиканын тарыхында калаары анык. Бардыгыбыз эффективдүү жана абийирдүү башкаруу жана «Бүткүл мамлекеттик аппарат үчүн эң жогорку чекти койду», — дейт Байсалов.
Ал бул убакыт аралыгында Акылбек Жапаров кызматын абийири таза жана башын бийик көтөрүү менен тапшырып жататканын кошмчалады.
«Акылбек Жапаров алыска кетпейт. Ал мамлекет башчысынын эң жакын санаалашы катары жакын болуп, элибиздин жыргалчылыгы үчүн ак кызматын уланта берет» — деп жыйынтыктады Байсалов билдирүүсүн.
Белгилей кетсек, бүгүн Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулган.