Президент Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган жарлыктарга кол койду.
Жарлыкка ылайык, мамлекеттик ишмер, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин төрагасы (каза болгондон кийин) — Абдыкадыр Орозбековко, Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн: “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн: “Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы жазуучу, прозаик жана публицист Жусупов Кеңешке жана г еология-минералогия илимдеринин доктору, профессор; Осмонбетов Кубатка ыйгарылды.
III даражадагы “Манас” ордени менен, Кыргыз билим берүү академиясынын технология, искусство жана ден соолук маданияты лабораториясынын башкы илимий кызматкери Мамытов Абакир жана жазуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун президиумунун жана пленумунун мүчөсү Рыскулов Акбар сыйланышты.
Жана башка сыйлык алгандардын толук тизмеси тиркемеде: