• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Абдылдаев: Мен болбосом башкасы келип, жоопкерчиликти алуусу керек

8 Тогуздун айы 2020 9:47 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаттары өлкөдөгү абал жана президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо мүмкүндүгү талкуулоодо бир пикирге келе алышкан жок.

6-октябрда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты спикерликке шайлаган Мыктыбек Абдылдаев жыйындан кийин «Азаттыкка» комментарий берип жатып жакын арада парламент жыйналып, өлкөдө кырдаал жөнгө салына турганын маалымдады. Абдылдаев маселе «бир же бир жарым суткада чечилип калат» деп кошумчалады. Ал 6-октябрда “Достук” мейманканасында тил кат менен кошуп 62 депутат чогулган, кворум болгон деген пикирин билдирген.

“Депутаттар өздөрү да келген, ишеним кат да беришкен. Кворум болгон, жыйынга 62 депутат чогулган. 67 деп кайдан чыгып кеткенин билбейм”, — деди Абдылдаев.

Муну менен катар Абдылдаев спикерлик кызматка чукул арада дайындалып калуусу тууралуу да сөз кылды: «Мен болбосом башка бирөө келүүсү керек, чечүүсү керек. Бул дагы бир абдан чоң жоопкерчилик болуп жатпайбы, ушунун баарын көтөрө билип, чечип кеткенге», — дейт ал.

Укуктуу талаага келүү үчүн легитимдүү жол.Легитимный путь для возвращения на правовое поле.

Опубликовано Эльдаром Шабдановым Среда, 7 октября 2020 г.

Жыйынга катышкан депутаттардын бири Элвира Сурабалдиева Абдылдаев президентке импичмент жарыялоо тууралуу сунушка кол койбой койгонун билдирди.

Мыктыбек Абдылдаев «депутаттар маселени карай турган болсо аны адегенде күн тартибине киргизиш керек» деген жооп кайтарды.
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан 5-октябрдагы нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен.

Эске салсак, 6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасында бир нече депутат жыйынга чогулуп, парламент төрагасын алмаштырып, премьер-министрликке жаңы талапкер көрсөткөнүн жарыялаган. Бирок бир катар депутаттар бул чечимдерди легитимсиз деп баалашууда.

6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп жатат.

Количество просмотров: 3535