• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Абдыраева: Билим берүүдө абдан чоң көйгөйлөр бар

8 Тогуздун айы 2021 14:49 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Салтанат Абдыраева.

«Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Үгүт айылынан келдим. Айылдык кеңешке 3 жолу депутат болуп шайландым. 40 жыл мектепте мугалимдик кесипти аркалап, коомдук иштерге да активдүү аралашып жүрдүм. Өмүр жолумду мектепке арнап, өлкөнүн алдыңкы билим берүү мекемелеринин катарына кошуу аракеттерин көрдүк десем болот. Бүгүнкү күндө билим берүү менен бала тарбиялоодо көйгөйлөр жок эмес. Алдыда жаштарга өзүмдүн эмгек тажырыйбамды бөлүшөйүн деген изги тилегим бар»,-деди Абдыраева.

Количество просмотров: 96