Өзүн республика катары жарыялап алган Абхазияда оппозиция өкүлдөрү баштаган митинг катышуучулары президент администрациясынын имаратын басып алышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.
Президенттин администрациясынын имаратынын алдына чогулган митингчилер Рауль Хажимбанын отставкасын талап кылышууда. Ал эми калгандары бөлүгү парламенттин имаратында “депутаттар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат” деп күтүп жатышат.
«Бийлик бул окуяны мамлекеттик төңкөрүш аракети катары сыпаттады. Хажимба Сухумиде экенин жана өз милдеттерин аткарып жатканын, эч кайда качпай турганын билдирди»,-деп айтылат маалыматта.