Бүгүн ЖКнын жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Жанар Акаевдин суроосуна жооп берип жатып, өлкөгө Армениядан, Абхазиядан ташылып келген машинелердин бардыгын тең мыйзамдаштырууга болбой турганын айтты.
Ташиев аталган өлкөлөрдөн мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин кошумчалады.
Анын айтымында, алардын көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген жана 15 миңдей машиненин 90% документи жок.