• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Абхазиядан контрабандалык жол менен автоунааларды ташып келүү схемасы аныкталды (сүрөт, видео)

14 Кулжа 2021 17:15 Бишкек Govori.TV

 Абхазиядан мыйзамсыз жол менен автоунааларды ташып келүү схемасы аныкталды, — деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүндө («Экономикалык контрабанда») каралган кылмыш белгилери боюнча, кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар» бекетинде Армениянын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазиядан контрабандалык автоунааларды ташып келүүнүн белгиленген схемасы аныкталды.

КР УКМК Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн иш-чаралардын комплексинин жүрүшүндө, 2021-жылдын 9-июнунда «Чалдыбар» өткөрүү пунктунан «Вольво» жүк ташуучу унаа менен 8 жүргүнчү ташыган автоунааны ташып келе жаткан Кыргыз Республикасынын жараны «И.Т.К.» кармалды.

Ошол эле автоунааларды текшерүүдө төмөнкүлөр табылды:

— Абхазиянын мамлекеттик автоунаа номерлеринин 8 документи;

— Абхазиянын автоунааларын каттоонун 8 күбөлүгү;

— Армениянын мамлекеттик каттоо белгилеринин 10 жасалма документи;

— Армениянын автоунааларын каттоонун 10 жасалма күбөлүгү;

— КР УКМК чек ара кызматынын мамлекеттик 1 жасалма номерини. Андан кийин, 8 автоунаасы менен «Вольво» маркасындагы автотрал, айып унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ЕАЭБ Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан бажы жол-жобосуз алынып келинген автоунаалардын иштөөсү мыйзамсыз экендигин эске салат. Унааны ЕАЭБ аймагына ташып келүүдө, бир жылга берилген убактылуу бажы декларациясын толтуруу керек, андан кийин бул унаа ЕАЭБдин аймагынан чыгып кетиши керек, же бажы жол-жобосунан өтүшү керек.

«Урматтуу жарандар! ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн автоунааларга буйрутма берүүдө жана сатып алууда сак болуңуздар», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 1507