• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түз эфир: Бишкекте Абхазиядан ташылган автоунаалардын ээлери митингге чыгышты

19 Чын куран 2021 13:02 Бишкек Govori.TV

Абхазиядан ташылган автоунааларды Кыргызстанда каттап, мыйзамдаштырып берүүнү мамлекеттик органдардан талап кылгандар 19-апрелде кайрадан Бишкекте митингге чыгышты.

Алар Абхазиядан алып келинген унааларды сатып алуудан жана бажы каттоосунан өткөрбөй туруп пайдаланууга шарт түзүүнү айтышууда.

Ушундай эле акция өткөн айда, мартта эки жолу өтүп, алар президент Садыр Жапаровдун атына кайрылуу да жолдошкон.

Ошондон кийин Бажы кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) менен биргеликте рейд жүргүзүп, Убактылуу бажы декларациясы жок же декларациясынын мөөнөтү өтүп кеткен автоунааларды камакка ала баштаган.

1992-жылы Грузиядан бөлүнүп өз алдынчалыгын жарыялаган Абхазияны мамлекет катары дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү, анын ичинен Кыргызстан да тааныган эмес.

Количество просмотров: 114