• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абылгазиевдин убадасы. Бааларадын туруктуулугу камсыздалат

13 Баш оона 2018 11:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.08.2018.Govori.TV.
Баалардын туруктуулугу камсыздалат, деп убада берди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук кеӊештин жыйынында.
“Бааларадын туруктуулугу камсыздалат.  Ишкерлерге көбүрөөк жардам берүү, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн катарына кирүү биздин негизги максат. Аймактарда бизнес тейлөө борборлор ачылат, кирешелер легалдашат булардын натыжасында,биз чон жетишкендикке ээ боло алабыз. Мамлекетти башкарууга мыкты менеджерлерди тартабыз. Эффектилиги жок ишканалар жоюлат. Бул мыйзам жолунда болот.  Элдин кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдарды кабыл алабыз. Өлкөнү сапаттуу азык түлүк менен камсыздоо каралып  жатат”, — деди премьер-министр.
Эскерте кетсек, доллардын наркы өткөн аптада Евразиялык экономикалык союздун өлкөлөрүндө жогорулай баштаган. Буга себеп катары АКШнын Россияга карата санкцияларынын катуулашы жөнүндөгү кулактандыруу болду.
Биринчилерден болуп Россия рубли арзандап 2016-жылдын ноябрынын даражасына түшкөн. Буга жанаша эле казак тенгеси да кескин ылдыйлап азыркы күндө 1 доллар наркы 350 тенгени түздү.
Кыргыз сому арзандаса, анда баалар көтөрүлөт деген божомол айтылууда.
Количество просмотров: 28