Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жетекчилигине талапкер сунуштады. Бул кызматка Эркинбек Чодуевди көрсөткөнү Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин бүгүн, 28-майдагы отурумунда белгилүү болду.
Буга чейин бул министрликке өзүнүн талапкерлигин жаш ишкер Тилек Токтогазиев сунуштаган. Жаш талапкерди «Бир Бол» фракциясы колдоп чыккан.
Ал эми Өкмөт башчы кээ бирде мамлекеттик кызматта тажрыйба жок болсо, жаштыкка гана таянуунун кереги жок деген пикирин айткан.
Эске салсак, 24-май күнү мурунку Айыл чарба министри Нурбек Мурашев өз арызы менен кызматтан кеткен.