• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абылгазиев: Былтыр 5 млрд. сом бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүгө жумшалды

13 Бугу 202011:43 Бишкек Govori.TV

2019-жылы республикалык бюджеттен 5 млрд. сом бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүгө жумшалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев билдирди.

Премьер-министрдин айтымында,  120 миң мугалимдин айлык акысы 30% көбөйгөн.

«Мугалимдердин айлык акысын көтөрүү менен биз бул кесиптин артыкчылыгын көрсөтө алдык Бүгүнкү күнү бийик тоолуу аймактарда мугалимдер 30 миң сомго чейин айлык алып жатышат»,-деди Абылгазиев.

Ошондой элеАбылгазиев в 2019-жылы Кыргызстанда 132 мектеп жаңыдан курулуп, 10 бала бакчанын имараты мамлекеттин карамагына кайтарылганын кошумчалады.

Количество просмотров: 110