• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат

22 Жетинин айы 2019 15:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Өкмөт башчы сапардын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарага, Кочкор айылында анын атындагы музей имаратынын пайдубалына капсула салууга катышат.

Премьер-министр ошондой эле Комсомол айылында С.Өмүрбаев атындагы орто мектептин ачылышына катышып, Нарын облусунун Кочкор айылындагы бир катар социалдык жана маданий объекттерди кыдырмакчы.

Количество просмотров: 69