• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Абылгазиев: Кыргызстанда коронавирус жуктургандар катталган жок

27 Үчтүн айы 2020 10:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктургандар катталган жок. Ооруну алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында айтты.

Аэропорттордо адамдын дене табын текшерүүчү тепловизорлор колдонулууда. Кошуна мамлекеттер менен чек арада кошумча 22 көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде санитардык көзөмөл пункттары уюштурулду. 23-январдан баштап Кытай менен каттам токтоду. “Торугарт” жана “Эркеч-Там” бекеттери Кытайдагы Жаңы жылга байланыштуу жабылат, бирок биз чектөөнү күчөттүк. Ал жерде адамдардын кыймыл-аракети да, продукция ташып келүү да токтоду», — деди өкмөт башчы.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 80ге жетти

АКШда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Австралияда, Канадада жана Францияда вирус жугузган адамдар аныкталды. Кытай лидери Си Цзиньпиң жаңы жылдык куттуктоо учурунда вирус көзөмөлдөн чыкканын, абал оорлошуп баратканын моюнга алды. Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери барышына чектөө киргизилди

Количество просмотров: 161