• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Абылгазиев Медведевге телефон чалды

17 Үчтүн айы 2020 9:37 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүү учурунда Мухаммедкалый Абылгазиев Дмитрий Медведевге Россия Өкмөтүнүн төрагасы кызматындагы биргелешкен үзүрлүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Өкмөт башчы анын кыргыз-россия мамилелерин өнүктүрүүгө жана ар кыл тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошкон жеке салымын баса белгиледи. Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле евразия интеграциясы идеясын илгерилетүү боюнча бирге жүргүзүлгөн конструктивдүү иштерге өзгөчө көңүл бурду. Ал Кыргызстанда Дмитрий Медведевдин стратегиялык өнөктөштүктү жана өлкөлөр аралык шериктештикти бекемдөөдөгү жеке салымы жогору баалана турганын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев достук диалогду жана конструктивдүү иштерди улантууга даярдыкты ырастап, Дмитрий Медведевдин чечкиндүүлүгү, кыраакылыгы жана топтогон тажрыйбасы мындан ары да Россия Федерациясын өнүктүрүү жана чыңдоого, ошондой эле кыргыз-россия кызматташтыгын келечектүү тереңдетүүгө кызмат өтөрүнө ишеним билдирди.

Сүйлөшүү учурунда кыргыз-россия алакаларынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Количество просмотров: 120