• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Абылгазиев: Мен баарын айтып берем

31 Бугу 201911:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн «КТ Мобайл» чырын иликтөө үчүн түзүлгөн атайы депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анда премьер-министр М. Абылгазиев сөз сүйлөп, «Кыргызтелекомду» иштетпесе, ал банкрот болуп калат, ошондуктан «КТ Мобайлды» өнүктүрөөлү дегенбиз»,-деди.

«Мамлекеттик компанияны түзгөнбүз, «Мегаком» менен «Билайн» 1-2 жылдан кийин өзүлөр оор абалга келет. Биз бири-бирин толуктаган, симбиоз болуп иштөөчү компания кылалы дегенбиз. Эки компанияны тең жакшы иштетели дегенбиз. Кирешени 67% «Мегаком» алса, ал эми 33% «КТ Мобайл» алмак»,-деди өкмөт башчы.

Мындан сырткары, Абылгазиев жыйындын ачык өтүп жатканы жакшы болгонун жана анын жашыра турчу эч нерсеси жок экенин, баарын жашырбай айтып берээрин кошумчалады.


Количество просмотров: 21