• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абылгазиев мугалимдердин айлыгын жогорулатуу механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды

31 Теке 201918:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.07.2019.Govori.TV.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлык акысын жана пенсия өлчөмүн жогорулатуу механизмдерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бул маселелерди сапаттуу иштеп чыгуу өзгөчө маанилүү болуп саналат.

«Мугалимдер өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо жана өнүктүрүүдө кандай салым кошорун баарыбыз билебиз. Алардын ролу баа жеткис жана тийиштүү эмгек акыны талап кылат. Бүгүн биздин алдыбызда келе жаткан күздө мугалимдердин айлык акы өлчөмүн жогорулатуунун натыйжалуу механимздерин аныктоо милдети турат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан тышкары, премьер-министр бардык чегерүүлөрдүн принциптери жарандар үчүн түшүнүктүү жана акыйкат болушу үчүн алдыда өлкө боюнча айлык акы жана пенсияларды жогорулатуунун механизмдерин тыкыр иштеп чыгууну тапшырды.

Количество просмотров: 43