• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Абылгазиев ооруп калып, ЖК жыйынына келе алган жок

22 Үчтүн айы 2019 15:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.01.2019. Govori.TV.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ооруп калып, Жогорку Кеңештин жыйынына келе алган жок. Бул тууралуу эки парламенттик комитеттердин (Конституциялык мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер боюнча комитет жана укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет) отурумунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Комитеттер ушул жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы кодекстерди карап жатат.

Депутаттар өкмөт башчынын өзүн чакырууну талап кылышты. Премьер-министрдин ооруп калгандыгы тууралуу маалыматты алар катуу каткырык менен кабыл алышты.

«Ал түндө футбол көрбөдүбү, балким уйкусун кандырып жаткандыр?», -дешти депутаттар.

Эске салсак, кечээ Кыргыз курама командасы менен Бириккен Араб Эмиратынын курамасы футболдук беттешке чыгып, биздин команда 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартышкан. Кыргызстанда жана чет жерде жүргөн мекендештер күйөрмандык кылып, «Ак-Шумкар» командасына катуу колдоо көрсөтүп сүрөп турушту. Мухаммедкалый Абылгазиевдин дагы өз иш бөлмөсүндө футбол көрүп отурган сүрөтү социалдык түйүнгө тараган. 

Количество просмотров: 20