Кыргызстандын жаштар курама командасынын (U-20) 2027-жылкы Азия кубогунун тандоо турундагы атаандаштары белгилүү болду.
Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргызстандын командасы А тайпасына түшүп, Түштүк Корея, Филиппин жана Ливан курама командалары менен беттешет.
Тандоо турунун оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкекте өтөт. Ошентип, КР курамасы тандоо оюндарынын беттешүүлөрүн өз үйүндө өткөрөт. Тандоого жалпысынан 44 улуттук команда катышып, 11 тайпага бөлүнгөн.
Тандоо оюндары Бахрейн, Камбоджа, Кыргызстан, Лаос, Катар, Таиланд, Өзбекстан жана Вьетнамда өтөт. Кыргызстандыктардын эң титулдуу атаандашы Түштүк Корея курамасы болот, ал салттуу түрдө Азия футболунда жаштар арасында фавориттердин бири болуп эсептелет.
Тандоо турунун жыйынтыгында мыкты командалар 2027-жылкы Азия Кубогу U-20 турниринин финалдык баскычына жолдомо алышат.