• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиевдин ордуна Касымалиев КФБ президенти болуп шайланды

12 Бугу 202611:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-майда борбор калабыздын «Шератон» мейманканасында Кыргыз футбол биримдигинин 2026-жылкы Кезексиз Конгресси өттү.

Күн тартибине ылайык, КФБнын жаңы Президенти жана КФБнын Аткаруучу комитетинин мүчөлүгүнө болгон бош орундарга шайлоо орун алды.

КФБнын президентинин кызматына Касымалиев Адылбек Алешович жалгыз талапкер катары көрсөтүлдү.

Шайлоо Кыргыз футбол биримдигинин Уставына ылайык өтүп, ачык добуш аркылуу бир добуштан КФБ Президенти болуп Касымалиев Адылбек Алешович шайланды. Андан сырткары, КФБнын Аткаруучу Комитетинин жаңы мүчөлөрү Маматов Акылбек Абдимуктарович жана Ералханов Джохан Болотович бир добуштан шайланышты

Белгилесек, КФБ Президенти жана КФБ Аткаруучу комитеттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2030-жылга чейин созулат.

Количество просмотров: 98