• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абылгазиев «Преференциалдык калктуу конуштар жөнүндө» токтомго кол койду

26 Чын куран 2019 10:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.04.2019.Govori.TV.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Преференциалдык калктуу конуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Документ 5 жылдык мөөнөттө жана 10 жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү менен салыктын төрт түрү боюнча – сатуу салыгынан, киреше салыгынан, жер салыгынан жана өндүрүштүк, экспортко багытталган жана инновациялык ишканаларды ишке киргизүүдө кыймылсыз мүлк салыгынан бошотуу жолу менен республиканын аймактарында жана калктуу конуштарында экономикалык жана инвестициялык ишмердүүлүктү өбөлгөлөөгө багытталган.

Мындан улам токтомго ылайык, преференциалдык калктуу конуштар катары:

— республикалык бюджеттен социалдык-экономикалык абалды туруктуу кармоо максатында теңдөөчү гранттарды (трансферттерди) алган айылдык аймактар;

— Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен, Кочкор-Ата, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Майлуу-Суу, Ноокат, Айдаркен, Көк-Жаңгак, Токтогул, Чолпон-Ата, Шопоков, Кант, Орловка, Кемин, Кайыңды аныкталган.

Өндүрүштүк ишмердүүлүк түрлөрүнө төмөнкү багыттар киргизилген:

— инновациялык технологияларга негизделген, өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү;

— жеңил жана тамак-аш өнөр жайы;

— электр энергетикасы;

— айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;

— жыйым өндүрүшү;

— ар кыл экспортко багытталган өндүрүш.

Токтомдо преференциалдык калктуу конуштарда ишмердик жүргүзүү тууралуу типтүү инвестициялык келишим каралган.

Преференциалдык өндүрүштүк ишканаларга конкреттүү бир калктуу конуштун чегинде салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү чечими калктуу конуштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, 2019-жылдын 1-январынан кийин мамлекеттик каттоодон өткөн, ишмердиги салыктык жеңилдетүүлөргө тийиштүү өндүрүштүк ишмердиктин преференциялдык түрүнө кирген жаңы өнөр жай ишканаларына инвестициялык салым жүргүзгөн инвесторлор менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кабыл алынат.

Преференциалдык калктуу конушта ишмердик жүргүзүү тууралуу инвестициялык келишимдин шарттарынын бири – инвестор 5 жылдын ичинде жумуш орундарын түзөт, келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө өндүрүштү инвестиция менен камсыз кылат.

Маалымдама: Акыркы 10 жылдагы факт түрүндөгү маалыматтар көрсөткөндөй, экономикалык активдүүлүк Бишкек шаарында басымдуулук кылат. Республикада өнөр жай ишканаларынын дээрлик 60% Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан.

Республика боюнча айыл аймактарынын жалпы санынын 82,5% дотациялык болуп саналат. Аймактардын тең эмес өнүгүүсү өлкө ичинде жана анын аймагынан тышкары миграциялык агымды көбөйтүүдө. Мындан тышкары кыйла өнүккөн жана аздыр-көптүр өнүккөн аймактардан квалификациялуу жумуш күчүнүн чыгып кетиши байкалууда.

Буга байланыштуу аймактарды, чектеш калктуу конуштарды өнүктүрүү маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аймактарда экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга, жумуш орундарын түзүүгө, таяныч аянттарды калыптандырууга жана аймактын инвестициялык жагымдуулугун жана жалпы ишкердик маанайын жогорулатуу үчүн аларга шарттарды түзүүгө өбөлгө кылган каражаттарды жасап жатат. Токтом «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга карата Аймактык саясат Концепциясына ылайык иштелип чыккан.


Количество просмотров: 14