• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

«Абылгазиев премьерликтен кетти» деген маалыматка расмий жооп

20 Чын куран 2020 18:34 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү үчүн арыз жазды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу “коом press” сайтына билдирген.

“Биз имиштерге түшүндүрмө бербейбиз. Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев учурда антикризистик чаралардын топтомунун үстүндө иштеп жаткан мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо менен алек. Бул иштердин алкагында ал тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилерин кабыл алып, экономиканын ар кыл тармактарындагы эксперттер менен консультацияларды жүргүзүүдө”-деп билдирген Эсенгул уулу.

Ал эми Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкага кеткени тууралуу маалыматты четке какты.

«Социалдык тармактарда Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кеткени тууралуу маалымат тарап жатат. Бул мааалымат жалган жана чындыкка дал келбейт. Ал күчөтүлгөн режимде иштеп, коронавируска каршы күрөшүү шартында эс алуусуз эмгектенип жатат», — деди Адилет Султаналиев.

Количество просмотров: 12355