• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Абулгазиев Сулайман-Тоону ишкерлер менен чогуу өнүктүрөлү деди

25 Үчтүн айы 2019 18:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.01.2019. Govori.TV

Айрым маданий жана ден соолукту чыңдоочу объектилерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өнүктүрүү зарыл деп эсептейм,- деген пикирин Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү туризм тармагын өнүктүрүү максатында бир катар маданий объектилерди жеке колдорго өткөрүүнү, Өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бизде туристтерди тарта турган нерселер: кооз жаратылыш, тарыхый-маданий эстеликтер, меймандос элибиз бар.

«Биз жеке менчик түрүнө карабастан, туризм объекттерине өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. «Таш-Рабат», «Сулайман-Тоо», «Санташ», «Жыргалаң», «Ысык-Ата» сыяктуу маданий объектилерди жана башка мамлекеттик ден соолукту чыңдоочу комплекстерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында өнүктүрүү зарыл деп эсептейм. Биз бул объекттер мамлекеттин кызыкчылыгында натыйжалуу иштешин каалайбыз. Бизнести туризм тармагын өнүктүрүүгө тартуу кажет», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ырастагандай, айыл чарбасы ИДП түзүмүндө 13-14%, туризм – 5% түзөт. Калктын 70% айыл чарбасы менен алектенсе, туризм тармагында 10 эсе аз. Ошол эле учурда туризм ИДП түзүмүндө жакшы позицияга ээ.

Количество просмотров: 23