• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Абылгазиев тестен беш алды

19 Тогуздун айы 2019 19:30 Бишкек Govori.TV

 Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү менен бирге «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү.

https://www.facebook.com/235409316505727/posts/2648908711822430/

Өкмөт башчы С1 жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алды.

Премьер-министр ошондой эле «Кыргызтест» мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөнүүдөгү ыкмалардын негиздери менен таанышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн мамлекет мындан ары да күч-аракетин жумшай берерин белгиледи.

«Биз окутуу системасын жакшыртуу жана заманбап инновациялык технологияларды, жаңы усулдарды киргизүү боюнча олуттуу иштерди жасашыбыз керек. Кимдер бирөөнүн тилди үйрөнүүсүн мажбурлоого болбойт, андай болбош дагы керек. Аны өздөштүрүү үчүн жарандарга түрткү берип, оңтойлуу шарт түзүү керек. Биз өнүккөн өлкөлөрдө тигил же бул тилди сактоо маселеси чыгып жатканын көрүп жүрөбүз. Тилди колдоо жана сактоонун маанилүүлүгү тууралуу акын Расул Гамзатов: эгер эртең менин тилим жоголуп кетсе, анда мен өлүүгө даярмын деген», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, учурда Өкмөт билим берүүгө көп тилдүүлүк принцибин киргизүү аракетин көрүүдө, бул мектеп бүтүрүүчүлөрү үч тилде эркин сүйлөөсүн, ошол эле учурда өзүнүн улуттук маданиятына таандык көрүнүштөрдү так билүүсүн шарттайт.

Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде өздөштүрүү абзел, болгондо да аны кемчиликсиз билүү керектигин айтты. Буга байланыштуу Премьер-министр мамлекеттик тилди билүү деңгээлин калыс аныктаган «Кыргызтест» системасынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, тилдин мындан ары өнүгүүсү​ барынан биринчи мамлекеттик башкарууда, мыйзам жана иш жүзүндө, коомдогу бардык чөйрөлөрдө жана бизнесте колдонулушуна байланыштуу.

Өкмөт башчы мамлекеттик тил -​ бул Кыргызстандагы элдин биригүүсүнүн негизги фактору экенин өзгөчө белгиледи.

Тестирлөө бүткөндөн кийин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге мамлекеттик тилди С1 – жогорку деңгээлде билерин тастыктаган сертификат тапшырылды. ​ 

Количество просмотров: 254