• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Абылгазиев Тилек Токтогазиевди эмнеге колдогон жок?

28 Бугу 201911:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба министрлигине талапкерлигин койгон жеке ишкер Тилек Токтогазиевди эмнеге колдобогондугун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда түшүндүрдү.

Өкмөт башчынын айтымында кадрларды тандоодо жаштыкка гана таянбас керек.

«Тилек Токтогазиев — жаңыча көз караштагы жаш ишкер. Күнөскана менен алектенет. Бирок, жаштык менен билимден сырткары тажрыйба дагы керек деп ойлоймун», -деди ал.

Эске салсак, Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин «Бир-Бол» фракциясы колдоп чыккан. Мухаммедкалый Абылгазиев аталган кызматка Эркинбек Чодуевду сунуштады. Ал 55 жашта, Айыл чарба министринин орун басары болуп иштейт.


Количество просмотров: 15