• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Абылгазиев ыраазы болдубу? Сапатсыз министрлер тил укту

29 Тогуздун айы 2018 20:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.10.2018.Govori.TV.
Акыркы мезгилде болуп өткөн окуялардан соң, бизде эмне көп? сапатсыз министр көп болуп кетти өңдөнөт.
Иши жүрүшпөй жаткан айыл чарба министри Мурашев картошка маселеси менен тил укпаган жери калган жок, элден, дыйкандардан, а түгүл өлкө башчыдан да наарызы сөздөрүн уккан болчу.
Мына эми өз ишин чымырканып баштаса керек, деп жатканда өкмөт башчы сөгүш айтып көңүлүн түшүрдү.
Көп нерсеге кемелбеген билим берүү министрлиги болду окшойт. Коомчулукта туура эмес басылган китептер маселеси чоң талкуу жаратып, ар түрдүү сындар айтылды. Ага карабай министр өз иши менен ыраазы.
Каржы министрлиги тарабынан сырткы карызга төлөнчү 637 миллиондун дайынын таппай өкмөт башчы убара, Абылгазиев министрге катуу сөгүш жарыялап, акча кайда кетти деген бойдон кала берди. Министр Касымалиев болсо “шефтердин” ишеничинен чыкпасам экен деп жүрөт.

Качан министирлер өз милдеттерин сапаттуу аткарат, белгисиз. Бирок ар биринин иши боюнча премьер-министр өзү башы менен жооп берет. Анткени өкмөттүн отчетун кабыл алып жатканда, Касымалиев, Кудайбердиева, же Мурашев, Абылгазиевдин ордуна тура калбайт.

Количество просмотров: 6