• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Абылгазиев Өзбекстандын президенти менен эмнени талкулады

1 Жетинин айы 2019 23:05 Бишкек Govori.TV

Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасына) иш сапар менен барган Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулашты.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн диалогдун негизинде эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мазмундуу болуп, сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүүгө шарт түзгөнүн белгиледи.

Өзбекстандын мамлекет башчысы чек ара маселелерин чечүүдө жакшы жылыштар бар экенин, өзгөчө чек арага чектеш жайгашкан райондордун тургундары биргелешкен иштин жыйынтыктарын жүрөгү жана жан дүйнөсү менен сезип жаткандыктарын өзгөчө белгиледи. Эки өлкөнүн Өкмөттөрү биздин элдерибиздин ортосунда ырааттуу өнүгүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө аракет кылып жатышат.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго салам жолдоп, жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасы Өзбекстан Республикасы менен боордоштук жана коңшулаштык мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса көрсөттү.

Өкмөт башчы белгилегендей, учурда биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык алакаларда жакшы динамикалуу өсүш байкалууда. Аны тараптар келечекте да улантуусу зарыл.

Жолугушуу учурунда Мухаммедкалый Абылгазиев эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, агрардык өнөр жай, маданий-гуманитардык кызматташууга өзгөчө көңүл бурдурду.

«Биздин өлкөлөрдүн чек ара аймактары кызматташуунун абдан жакшы үлгүсүн көрсөтүп жатышат. Жакын арада эле Ош — Анжиян, Ош — Фергана, Кызыл-Кыя – Фергана автобустук каттамдары жандандырылды. Муну менен бирге мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ишин канааттануу менен белгилеп кетким келет. Мамлекеттик чек ара сызыктарын чийүүнү аяктоону тездетүү үчүн бул ишти ыкчамдатууну сунуш кылам», — деп жыйынтыктады Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери жана мындан ары өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.

Белгилей кетсек, 2016-жылдан баштап Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүү үч эсе көбөйгөн.

Количество просмотров: 254