• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абылгазиев жаштарга ишенбейт…

28 Бугу 2019 21:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.

Премьер-министр Айыл чарба министрлигине 55 жаштагы Эркинбек Чодуевди сунуштап, 29 жаштагы ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин четке какты.
Мындай кадамын Абылгазиев Токтогазиевдин жаш экенин жана тажырыйбасы жоктугу менен түшүндүрдү.
Анткен менен буга чейин деле жаш жетекчилер дайындалып келген.
Мисалы, Балыкчы шаарынын мэри болуп 25 жаштагы Марат Кудайбергенов дайындалган.
Мындан улам, Абылгазиевдин кылган иши айткан сөзүнө каршы чыккандай элес калтырат.
Аңгыча премьер сунуштаган Чодуев өлкө башчынын кудасы Абжалиев менен туугандык катнашы бар деген маалымат тарады.

Количество просмотров: 19