• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абылгазиев жазгы талаа иштери менен таанышты

21 Чын куран 202015:24 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн  маалымат кызматынан билдиришти.

Абылгазиев дыйкандарда күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жабдуу техникаларды сатып алууда оорчулуктар болбошу керектигин айтып, жаралган көйгөйлөр республикалык штабдын ишинин алкагында ыкчам тартипте чечилиши кажеттигин белгиледи.

«Өлкө азык-түлүктүн ири көлөмү менен өзүн өзү камсыздашы керектиги бардыгыбыз үчүн айкын болуп калды. Айыл чарбасына мамиле жасоону өзгөртүүгө убакыт келди. Айрыкча, бул импорттун ордун алмаштыруу саясатына тийиштүү. Бул биздин ишибиздеги башкы артыкчылыктардын бири болуп калуусу шарт. Өлкөдөгү абалга карабастан, дыйкандар жана фермерлер үчүн тоскоолдуктар болбошу керек. Жазгы-талаа иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүү абзел», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жазгы-талаа иштерин тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө зарыл шарттарды түзүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Количество просмотров: 142