• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Абылгазиевдин кайрылуусу: Өзгөчө кырдаалдын биринчи күнү өкүндүрөт

23 Жалган куран 2020 23:25 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилгендигине байланыштуу билдирүү жасады.

Абылгазиев өз сөзүндө өзгөчө кырдаал киргизилген 1-күн өкүндүрүп жатканын билдирди.

«Вирус алыс жакта эмес – вирус ар бирибиздин жаныбызда! Өкмөттүн канчалык кылган аракети да текке кетип жатат. Кыймыл аракетибиз азайган жок. Жоопкерчиликсиз адамдар башкалардын да өмүрүнө коркунуч жаратып жатат. Тартипти сактабаган Италия эмне болду. Бир күндө жүздөгөн адамдын өмүрүн алып кетти. Бул илдетти жеңип чыккан Кытай да азыркыга чейин тартипти так сактап жатат. Өзгөчө кырдаалдын башкы максаты адамдардын өмүрүн сактап калуу. Бүгүн эч кимге оңой болгон жок. Бири-бирибизди көзөмөлдөйлү», — деди өкмөт башчы.

Количество просмотров: 1605