• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Абылгазиевдин жактоочусу шаардык сотко арызданат

19 Жалган куран 2021 19:05 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-мартта экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтү дагы 2 айга узартылды.

Абылгазиевдин жактоочусу райондук соттун чечими боюнча шаардык сотко арыздана турганын билдирди.

«Мухаммедкалый Дүйшекеевич Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында 2021-жылдын 26-майына чейин кармалат. Соттун чечими менен биз макул эмеспиз. Бүгүнкү күндө мыйзамсыз баюу фактысы менен айыпталып жатат», — деди жактоочу Данияр Эркимбаев.

Атайын кызмат мурдагы премьер-министрди өкмөт башчы болуп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзам бузуп кол койгон деген шек менен 26-январда кармаган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 28-январда карап, 26-мартка чейин камакка алган болчу.

Количество просмотров: 184