• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Абылкайыр Узакбаев: Чек арада өтпөй турган унаалар маселесин бир жактуу кароо туура эмес

1 Чын куран 2019 15:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.04.2019. Govori.TV.

Кыргыз-казак чек арасында 300гө жакын фура жана жеңил унаалар турганын  Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашкан.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Абылкайыр Узакбаев үн катып “Govori.TV”  агенттигине чек арада өтпөй турган унаалар маселесин бир жактуу кароо туура эместигин билдирди:

“Негизи муну калыстык үчүн эки тараптуу карашыбыз керек. Биринчи өзүбүздөн башташыбыз керек. Күнөө өзүбүздөн дагы болуп жатат. Фито-санитардык лабороториялар бар, ошолордон жакшылып өткөзүп, жеткирүү документтерди туура камдашыбыз керек”,-дейт эл өкүлү.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылдын 1-апрелине саат 08:00гө карата чек арадагы абал төмөнкүдөй:

-“Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда 223 жүк ташуучу унаа кезекте турат;

31-март саат 20:00дөн 1-апрель саат 08:00гө чейин аталган көзөмөл өткөрүү пунктунан 158 оор жүк ташуучу унаа өткөрүлгөн;

-“Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пунктунда 60-70 жеңил унаа жана 25-30га жакын жүк ташуучу унаалар турат.

“Казастандын көзөмөл жайларында жүргүзүлгөн дыкат текшерүү унаалардын кезек күтүп калуусуна себеп болууда”, – деп кабарлашты чек ара кызматынан.

“Акжол”, “Чалдыбар”, “Токмок” жана “Кең-Булуң” көзөмөл өткөрүү пункттары кадимки тартипте иштеп жатат.

Количество просмотров: 28